EPS программасы боюнча Кореяда миңден ашык кыргызстандык иштейт

EPS программасы боюнча Кореяда миңден ашык кыргызстандык иштейт

2025-жылы Кыргызстандын 4 миң 315 жараны Кореяга ишке орношуу маселеси боюнча EPS программасынын алкагында консультация алуу үчүн кайрылышканын Эмгек министрлиги маалымдады.

Анын маалыматына ылайык, Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын иштөөгө уруксат берүү системасы (EPS) аркылуу жумушка орноштуруу программасы ишке ашырылып жатат. Бул программа 2007-жылдан бери иштеп келет жана ар эки жыл сайын узартылып турат.

Программага катышуу үчүн корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн эки этабы өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында:

  • 1 миң 350 адам экзаменге катышкан;
  • алардын ичинен 339 талапкер тесттен ийгиликтүү өткөн;
  • 225 адам эмгек келишимине ээ болгон;
  • 232 кыргызстандык ишке чыгып кеткен, анын ичинде 30 аял бар.

Ишке орношкон жарандардын көпчүлүгү:

  • тамак-аш өнөр жайы,
  • химия өнөр жайы,
  • кагаз өнөр жайы,
  • пластик, резина жана айнек буюмдарын өндүрүүчү заводдордо
    эмгектенишүүдө.

Орточо эмгек акысы 1,7 миң долларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон