Иш издесең 1221 номерине чал

Иш издесең 1221 номерине чал

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдан тарта ишкерлерге https://jumush.gov.kg порталына Кыргызстандын аймагында жаңы түзүлгөн же бош турган ар бир жумуш орду тууралуу маалымат жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берерин 24.kg агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумуш издеп жүргөн жарандар аталган портал аркылуу бош жумуш орундар тууралуу, коюлган талаптар, эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды алып, түздөн-түз иш берүүчүгө кайрыла алышат.

Мындан тышкары, 1221 кыска номери аркылуу бош жумуш орундар жана иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү чаралары тууралуу маалымат алууга болот.
Ал эми 1899 номери аркылуу тышкы миграция маселелери боюнча консультация берүү каралган.

Белгилей кетсек, бүгүн Элдик курултайда Россиядан келген делегат Кубанычбек Осмонбетов мигранттардын мекенине кайта албай жатышынын себеби шарттардын жоктугу экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып