Кыргызстанда 2,5 млрд сомдук калдыктарды кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат
12-ноябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Ду Кастомс" ишканасына барып, инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Маалымдалгандай, ишкана калдыктарды кайра иштетип, андан килем, жайнамаз, термокийиз жана ватин өндүрөт.
Долбоорго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 2,5 млрд сомду түзөт. Өндүрүш жылына 1 500 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Учурда ишканада 35 жумуш орду түзүлгөн.
Улуттук агенттик ишканага мамлекеттик жеңилдиктерди алуу, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жана долбоорду ишке ашыруудагы маселелерди чечүү боюнча көмөк көрсөтүп келет.
Долбоор ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө, калдыктарды кайра иштетүүнү көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу