Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды.

Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан Түлкүбаш жана Кызылташ алтын кендерин камтыры айтылат. Мындан тышкары, Silvercorp Тянь-Шань аймагындагы 27,42 чарчы чакырым аянттагы алтын кен тилкелерин чалгындоого укук алган.

Ошондой эле Silvercorp Metals туунду компаниялары аркылуу "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы менен биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге кол койду. Ага ылайык, Silvercorp 70%, "Кыргызалтын" 30% акцияга каржылык милдеттенмесиз ээлик кылат.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги кызматташуунун алкагында 70 млн доллар алат. Анын 60 млн доллары лицензия 2032-жылдан 2062-жылга чейин узартылган учурда, калган 10 млн доллары кийинки этаптар аяктагандан кийин берилет.

Silvercorp Metals кен иштетүүнү 2026-жылы Түлкүбаш алтын кенинен баштоону пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин катышуусунда чет элдик ишкерлерге карата рейд жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы текшерилди. Мэриянын маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталды. Алардын ээлерине мыйзам талаптарына ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди.

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиясы келди. Эске салсак, буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдан Кыргызстанга  күйүүчү май келерин маалымдаган. Ошондой эле ал Беларусь менен күйүүчү май импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн айткан. Министрдин маалыматына ылайык, күйүүчү майды Россия аркылуу транзит менен алып өтүү маселеси чечилип, Беларустан жөнөтүлгөн бир

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы Орто-Кайыңды коктусунан түшкөн кыян суулары айыл чарба жерлерин, эс алуучу жайды, балчылардын бал челектерин жана  бир унааны агызып кеткен.  ӨКМДин маалыматына ылайык,  Жарандык коргонуу комиссиясы селден 2 миллион 55 миң 600 сом зыян келтирилгенин аныкташкан.  12-июлда  жааган жаан

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев Исхак Раззаков көчөсүн кыдырып, жолдун тазалыгын жана инфратүзүмдүк абалын көзөмөлдөдү. Иш сапардын жүрүшүндө жашыл аймактарды иретке келтирүү, жол жээктери жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелер текшерилди. Кыдыруунун жыйынтыгында шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканаларга аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу, көчөнүн тазалыгын туруктуу камсыз кылуу жана шаар тургундары