Италиялык компания Кыргызстан менен кызматташууга даяр

Италиялык компания Кыргызстан менен кызматташууга даяр

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте италиялык Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Агенттиктен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу презентация жасап, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле капитал салуу үчүн артыкчылыктуу багыттар жөнүндө кеңири маалыматтар менен бөлүштү.

Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар экенин билдирип, диалогду улантууга, конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңири иштеп чыгуу максатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү жана кошумча консультацияларды уюштуруу тууралуу макулдашты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды