Баткен облусунда этти 700 сомдон ашырбоо маселеси талкууланды

Баткен облусунда этти 700 сомдон ашырбоо маселеси талкууланды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде аткезчиликке бөгөт коюу боюнча жыйын өттү.

Облус башчысы өз сөзүндө жалпы Баткен облусунун элинин этке болгон керектөөсү жылына 22 миң тоннаны түзөрүн белгиледи. Бирок, мал аткезчилигинен улам эттин баасы өсүп жатканын белгилеген облус башчысы тийиштүү мекемелердин ишин сынга алды.

Мындан улам аткезчилик фактыларын азайтуу боюнча конкреттүү сунуштар ортого салынды:

  • Баткен облусуна малды ишенимдүү топтор аркылуу гана ташып, эт сатуучуларды камсыздоо сунушталды;
  • 1-марттан баштап чек араны демаркациялоодо, аткезчилик коркунучу жогору аймактарды тосуу тездетилет;
  • Жер-жерлерде социалдык дүкөндөрдү ачып, негизги азык-түлүктөрдү арзан баада сатуу уюштурулат;
  • "Агрохолдинг" ААКтын ишин жөнгө салуу менен кошуна мамлекеттерге малды мыйзамдуу жол менен экспорттоо;
  • Облуска кирген малдарга атайын белги берүүчү навигациялык пломбаларды (GPS) орнотуу;
  • Аймакка даяр эт ташып келүүнү уюштуруу.
Облус башчысы аткезчиликти токтотуу, постторду көзөмөлдөө, чек арада иштөө, мал базарларды иретке келтирүү жана эттин баасын 700 сомдон ашырбоо тапшырмаларын берди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media