Былтыр жылуулук энергиясын өндүрүү 2,8 гигокалорияга азайган

Былтыр жылуулук энергиясын өндүрүү 2,8 гигокалорияга азайган

Кыргызстанда 2025-жылы электр энергиясын өндүрүү көлөмү 15 млрд 386,9 млн кВт/саатты түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 675,4 млн кВт/саатка көп болгону  Экономика министрлигинин материалдарында айтылат.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын өндүрүү 14 млрд 711,5 млн кВт/саат болгон. Өсүү темпи мурунку жылга салыштырмалуу 104,6%ды түзгөн.

Электр энергиясынын негизги көлөмү адаттагыдай эле гидроэлектр станцияларына туура келген. 2025-жылы ГЭСтерде 13 млрд 358,3 млн кВт.саат электр энергиясы өндүрүлүп, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн (12 млрд 939,8 млн кВт/саат) 418,4 млн кВт/саатка көп болгон. Өсүү 3,2%ды түзгөн.

Ошол эле учурда жылуулук электр борборлорунда (ЖЭБ) өндүрүш кыйла көбөйгөн. 2024-жылы 1 млрд 771,7 млн кВт/саат болсо, 2025-жылы 2 млрд 28,6 млн кВт/саатка жеткен. Өсүү темпи 114,5%ды түзгөн.

Муну менен катар жылуулук энергиясын өндүрүү көлөмү азайган. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч 2 млн 846,6 миң Гкал болуп, 2024-жылдагы 3 млн 30,2 миң Гкалдан төмөн болгон. Физикалык көлөм индекси 93,9% деңгээлинде түзүлгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды