Т.Алтымышев: Эт кымбаттабаса фермердин эмгеги акталбайт

Т.Алтымышев: Эт кымбаттабаса фермердин эмгеги акталбайт

Эттин баасы кымбаттабаса фермерлердин фермерлердин мээнети актабай турганын эксперт Тынчтык Алтымышев "Кабар" агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

“Нарындан малды алып келип союп, касапкана, ветеринардык кызматтардан кийин этти 680 сомдон сатса, малды бордоп жеп-чөп короткон фермелерде эмне калат? Бизде башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу эттин баасы арзан.

Статистика кайрылсак, Өзбекстанда уйдун эти биздин сом менен 1000-1200 сомго чейин, ал эми Казакстанда 1300-1400 сом. Россиянын өзүндө 800-850, Тажикстандын өзүндө эттин баасы 1100 сомго чейин көтөрүлгөн. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда уйдун этинин дүң баасы 650 сом, базардагы чекене баасы 750 сомдун тегерегинде кармалып жатат”,- деди эксперт.

Ошондой ал Кыргызстанда негизинен эт өлкө аймактарында, айылдарда өндүрүлөөрүн айтты.

“Чүйдө анча-мынча гана эт өндүрүлгөнү болбосо, негизинен Бишкекке эт Нарын, Ысык-Көл, Талас сыяктуу алыскы аймактардан келет. Карап чыксам, Ата-Башы, Нарындын базарлары Бишкектин базарларын эт менен камсыздайт экен. Учурда дыйкан - фермерлерибиздин эмгегине, мал баккан түйшүгүнө карабастан, пайдага иштебесе дагы мамлекеттин суранычы менен баа кармалып жатат”,- деди Алтымышев.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media