Былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 387 кылмыштын бети ачылбай калган

Былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 387 кылмыштын бети ачылбай калган

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов парламенттеги Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 23-февралдагы отурумунда былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 674 кылмыш иши козголуп, анын 387синин бети ачылбай калганына көңүл бурганын "Азаттык" жазды.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев кылмыштардын бети ачылбай калышынын бир себеби катары социалдык тармактардан байланышкан колдонуучулардын такталбай жатышын белгиледи.

“Чет өлкөдөн туруп алып, башка мамлекеттин жарандары аркылуу жасалган кылмыштардын бетин ачуу кыйынчылык жаратууда. Кыргызстандагы кылмышкерлер болсо, аларды өзүбүздүн ыкмалар аркылуу таап, кылмыш жообуна тартып жатабыз”, - деди Абдиев.

2024-жылы IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 796сынын бети ачылып, калган 862 кылмыштын бети ачылган эмес.

Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, сак болууну эскерткен.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media