Кыргызстанга 2025-жылы 3,886 млрд кВт/саат электр энергиясы экспорттолгон

Кыргызстанга 2025-жылы 3,886 млрд кВт/саат электр энергиясы экспорттолгон

Кыргызстан 2025-жылы сырттан 3,886 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттогонун Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы республика жалпы 15,4 млрд киловатт-саат электр энергиясын өндүргөн, анын ичинен:

  • ГЭСтер — 12,9 млрд,
  • Бишкектеги ТЭЦ — 2 млрд,
  • чакан ГЭСтер — 450 млн киловатт-саат.
"Керектөө 19,3 млрд киловатт-саатка жетет. Камсыз болбогон 3,886 млрд киловатт-саат электр энергиясы Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Россиядан экспорттолду", — деди министр.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстан Улуттук электр тармактарынын маалыматына ылайык, өткөн жылы тармакка 26 448 жаңы абонент кошулган, бул 1 974 мегаватт электр энергиясына барабар.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти