Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек Төрөбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, МТУ жана айыл өкмөт башчылары, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, активисттер жана шаар тургундары катышты.

Быйылкы бюджеттин чыгаша бөлүгү жалпы мамлекеттик кызматтарга, коргонуу тармагына, экономикалык маселелерге, турак жай-коммуналдык чарбага, эс алуу, спорт жана маданият тармактарына, ошондой эле билим берүү жана социалдык коргоо тармактарына багытталат.

Жыйындын жүрүшүндө шаар тургундары жана активисттер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды жакшыртуу, социалдык коргоого бөлүнгөн каражатты көбөйтүү, "Алай-1" жана "Алай-2" турак жай массивдеринде инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышты.

Мындан тышкары, айыл өкмөттөрүндөгү кош каржылоо долбоорлорун жөнөкөйлөтүү, коомдук транспорттун каттамдарын оптималдаштыруу, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, ошондой эле түштүк борбордун экологиялык жана санитардык абалын жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

23-26-февралда Бухарест шаарында Кыргызстан менен Румыниянын расмий делегациялары кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар документтин долбоорун кеңири талкуулап, анын негизги жоболору боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти. Макулдашууга

Кыргызстанда 5 жылда 2 трлн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Кыргызстанда 5 жылда 2 трлн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Беш жылдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 2 триллион сомго чамалаганын Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. "Өзүңүздөр билгендей, өлкө калкынын 60%ы айыл жеринде жашайт. Демек, агрардык секторду өнүктүрүү жарандардын көпчүлүгүнө түздөн-түз кам көрүү дегенди билдирет. Беш жылдын ичинде биз айыл жергесиндеги

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга автоунааларды алып кирүүдө массалык бурмалоо фактылары аныкталганын Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери мониторинг жана маалыматтарды талдоо учурунда автоунаалардын чыгарылган жылын өзгөртүү жана так эмес маалыматтарды камтыган документтерди берүү боюнча системалуу учурларды аныкташкан. Мунун кесепетинен бажы төлөмдөрү толук төлөнбөй

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди. Ошондой эле район аймагында 8 473