Brent маркасындагы мунай баасынын барелли ICE биржасында 81 доллардан ашты

Brent маркасындагы мунай баасынын барелли ICE биржасында 81 доллардан ашты

Brent маркасындагы мунайдын баасы Лондондогу Intercontinental Exchange (ICE) биржасында 2-марттын таңында баррелине 81 доллардан ашты. Бул 2025-жылдын 23-июнунан берки алгачкы учур. Бул тууралуу соода маалыматтары көрсөтүүдө.

Жуманын башында мунайдын баасы 12,2%га кымбаттады. Баанын өсүшү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу болуп жатат.
Октябрь айында жеткириле турган WTI маркасындагы мунайдын фьючерси да 2,3%га өсүп, баррелине 76,7 долларга жетти.

Буга чейин аналитиктер мунай баасы кескин жогорулашы мүмкүн экенин божомолдошкон. Негизги себеп катары Ормуз кысыгынын жабылышы мүмкүн экени айтылган. Бирок Иран бийлиги Тегеран деңиз коридорун жабууну пландабай турганын билдирген. Буга чейин ЖМКларда аталган кысык жабылганы тууралуу маалыматтар чыкканы айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

ELQR 6 жылдын ичинде Кыргызстандын төлөм рыногун кандайча өзгөрттү

ELQR 6 жылдын ичинде Кыргызстандын төлөм рыногун кандайча өзгөрттү

Болгону бир нече жыл мурун QR коду менен төлөмдөрдү жүргүзүү Кыргызстанда технологиялык эксперимент катары каралчу. Бүгүнкү күндө QR ири чекене соода түйүндөрүнөн баштап чакан дүкөндөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө чейин эң кеңири таралган төлөм ыкмаларынын бирине айланды. Бул өзгөрүү көбүнчө алты жылдыгын белгилеп жаткан улуттук ELQR системасынын өнүгүшүнө байланыштуу. Баштапкы чекит

"Ала Тоо  резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат

"Ала Тоо резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жыргалаң аймагындагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштерин текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал 35/10 кВ "Үч чоку" жана 35/6 кВ "Жыргалаң" көмөк чордонун, аймактагы электр тармактарынын абалын көрдү. Мындан тышкары, Ак-Суу РЭТине караштуу жаңы ачыла турган

МинКаб Нарын дарыясында көпүрө куруу боюнча JICA грантына корутундуну жактырды

МинКаб Нарын дарыясында көпүрө куруу боюнча JICA грантына корутундуну жактырды

МинКаб 2026-жылдын 21-февралындагы №101-р тескемеси менен Япония өкмөтү менен Минкабдын ноталарды алмашуу боюнча жана  "Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы менен байланыштуулукту жакшыртууга багытталган "Бишкек—Ош" автоунаа жолундагы көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча JICA менен түзүлгөн гранттык макулдашуу корутундусун жактырды. Макулдашуулар 2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган. Долбоорду

Министр Шамырканов: Глобалдык жылуулук шартында АЭС куруу зарыл

Министр Шамырканов: Глобалдык жылуулук шартында АЭС куруу зарыл

Кыргызстанда атомдук электр станция куруу маселеси актуалдуу. Атомдук электр станция бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айлангандыктан, АЭС куруунун жолдорун издөө зарыл, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов УТРКга берген маегинде. Эфирде журналист Кыргызстан сейсмикалык жактан активдүү аймакта жайгашканын белгилеп, мындай шартта АЭС куруу канчалык туура деген суроону узатты. Министрдин