Министр Шамырканов: Глобалдык жылуулук шартында АЭС куруу зарыл

Министр Шамырканов: Глобалдык жылуулук шартында АЭС куруу зарыл

Кыргызстанда атомдук электр станция куруу маселеси актуалдуу. Атомдук электр станция бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айлангандыктан, АЭС куруунун жолдорун издөө зарыл, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов УТРКга берген маегинде.

Эфирде журналист Кыргызстан сейсмикалык жактан активдүү аймакта жайгашканын белгилеп, мындай шартта АЭС куруу канчалык туура деген суроону узатты.

Министрдин айтымында, глобалдык жылуулук дүйнө жүзүнө терс таасирин тийгизип жатат. Мурда жаан-чачын кадимкидей жаап өтүп кетсе, азыр локалдык мүнөзгө өтүп, кыска мөөнөттүү нөшөрлөр көбөйгөн. Ал мындай жаандарды тиешелүү приборлор кээде аныктабай калып жатканын айтты.

Ошондой эле мурдагы жылдарга салыштырмалуу суунун көлөмү азайып, мөңгүлөр эрип жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, бул жагдай келечекте энергия алуунун башка ыкмаларын издөөнү талап кылат.

"Демек, биз келечекте энергия алуунун башка ыкмаларын табышыбыз керек. Ал — атомдук электр станция", — деди Урматбек Шамырканов.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media