АКШ Индияга россиялык мунайды убактылуу алууга уруксат берди

АКШ Индияга россиялык мунайды убактылуу алууга уруксат берди

АКШ Индияга россиялык мунайды сатып алууга убактылуу уруксат берди, бирок бул чара 30 күнгө гана жарактуу экенин өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди.

Министрликтин башчысы Скотт Бессент билдиргендей, АКШнын Финансы министрлиги дүйнөлүк рынокко мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн ушундай чечим кабыл алган.

Анын айтымында, уруксат деңиздеги танкерлерде жүргөн мунайга гана тиешелүү. Ошондуктан бул кыска мөөнөттүү чара Россия өкмөтүнө чоң финансылык пайда алып келбейт.

Бессент ошондой эле Индияны АКШ үчүн маанилүү өнөктөш деп атады жана Нью-Дели келечекте америкалык мунайды көбүрөөк сатып алат деген үмүтүн билдирди.

Мындан тышкары, бул убактылуу чечим Ирандын дүйнөлүк энергетика рыногуна басым жасоо аракетинен пайда болгон чыңалууну азайтууга жардам берет деп айтылды.

Чечим АКШнын Финансы министрлигине караштуу Office of Foreign Assets Control (OFAC) тарабынан кабыл алынып, ведомствонун расмий сайтына жарыяланды.

Буга чейин Дональд Трамп Индия АКШ менен соода келишиминин ордуна Россиядан мунай сатып алууну токтотууга макул болгонун билдирген. Бирок индиялык бийлик бул маалыматты тастыктаган эмес.

Адистердин айтымында, бул чечим Ормуз кысыгы жабылып калгандан кийин мунай жеткирүүдө пайда болгон коркунуч жана мүмкүн болгон тартыштыкка байланыштуу кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media