Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады
Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев кытайлык делегация менен жолугушту. Делегацияны Ли Синлун жетектеди, ал Шэньси провинциясынын финансы комитетинин башкармалыгынын директорунун орун басары болуп саналат.
Жолугушууда тараптар биргелешкен инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргыз тарап Кыргызстандын финансылык институттары жана Кытайдын Шэньси провинциясы катышкан инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул фонд чакан жана орто бизнести каржылоого, ошондой эле биргелешкен экономикалык долбоорлорду колдоого багытталмак.
Мындан тышкары, тараптар банктар аралык кызматташууну өнүктүрүү, улуттук валюталарда корреспонденттик эсептерди ачуу жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан багыты боюнча жүк ташууларды тейлөө үчүн жаңы каржылык инструменттерди киргизүү маселелерин да карашты.
Буга чейин Кытайдын Шэньси провинциясынын каржы делегациясы Кыргызстандын банк тармагынын өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өткөргөн. Анда Улуттук банктык өкүлү эки өлкөнүн ортосундагы каржылык кызматташтык мындан ары да туруктуу өнүгөөрүн белгилеген.
Жолугушууда мунун далили катары өлкөнүн каржы рыногунда кытай капиталы катышкан финансылык институттардын пайда болушу айтылды. Маселен, финансы жөнгө салуучу орган кытай капиталы бар банкка банктык иш жүргүзүүгө лицензия берген. Ал банк жеке жана корпоративдик кардарларга эсеп ачуу, депозит жана кредит кызматтарын сунуштоону пландап жатат.
Мындай банктын негизги артыкчылыгы — чек ара аралык операцияларды юань менен жүргүзүү жана кытай компаниялары менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.