Кыргызстан "Ак Илбирс" брендин бардык товарлар жана кызматтар үчүн патенттеди

Кыргызстан "Ак Илбирс" брендин бардык товарлар жана кызматтар үчүн патенттеди

Кыргызстанда "Ак Илбирс" аттуу жаңы комбинацияланган товардык белги расмий каттоодон өткөнүн радио эфиринде Билим берүү жана инновациялар министрлигинин Экспертиза башкармалыгынын товардык белгилерди экспертизалоо бөлүмүнүн башкы адиси Урмат Сарыпов билдирди.

Брендди каттоо үчүн арыз 2025-жылдын 7-июнунда берилген. Белги комбинацияланган (анда сүрөт жана тексттик бөлүк бар) жана ал товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн Эл аралык классификациясынын бардык 45 классы боюнча каттоодон өткөн. Бул дээрлик бардык тармактарды — электроникадан жана азык-түлүктөн тартып ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө чейин — камтыйт.

Сарыповдун айтымында, бул товардык белгинин жалгыз укук ээси болуп Кыргызстандын Соода‑өнөр жай палатасы эсептелет. Эми дал ушул Палата бул логотипти башка юридикалык жана жеке адамдар колдонушуна уруксат берүү же тыюу салуу боюнча өзгөчө укукка ээ болот.

Сарыпов белгилегендей, каттоонун негизги максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү аныктоо жана экспорттук продукцияны коргоо.

"Өлкө ичинде биз эми башка мамлекеттерден товарлар алып келинип, аларга жөн гана “Made in KG” деген белгилер чапталып кайра сатылган учурларды токтото алабыз. Улуттук каттоо бул процессти Кыргызстан аймагында көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", — деп түшүндүрдү адис.
Ал ошондой эле учурда бренд улуттук тартип боюнча гана корголуп жатканын билдирди. "Ак Илбирс" белгиси чет өлкөлөрдө да юридикалык күчкө ээ болуп, тышкы рыноктордо жасалмаларды алдын алуу үчүн аны эл аралык (Мадрид) системасы аркылуу каттоо керек.

Анын айтымында, Соода-өнөр жай палатасында эл аралык арыз берүү планы каралууда. Бул кыргыз брендин система катышкан башка мамлекеттерде да коргоого алып, республиканы экологиялык таза жана сапаттуу продукциянын өндүрүүчүсү катары расмий түрдө таанытууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media
2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо максатында алманы импорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕЭБ мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алма алып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөө киргизүү каралган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты

Ишкер Media
Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.

Ишкер Media