Кыргызстанда 5 жылда 141 тонна алтын өндүрүлгөн

Кыргызстанда 5 жылда 141 тонна алтын өндүрүлгөн

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде 141 тонна алтын казылып алынганын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин министр орун басары Асель Раимкулова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга чейин өлкөдө жыл сайын орто эсеп менен 15 тонна алтын өндүрүлчү.

"2021–2025-жылдары алтын өндүрүү көлөмү жылына 26 тоннага чейин өстү. Жалпысынан акыркы беш жылда 141 тонна алтын казылып алынды", — деди Раимкулова.

Ал ошондой эле 2025-жылы Кумтөр кен жайы толугу менен мамлекеттик көзөмөлгө өткөнүн кошумчалады.

Анын маалыматына ылайык:

  • 2025-жылы алтын өндүрүүдөн ишкананын таза пайдасы 706 млн долларды түзгөн;
  • 2024-жылы жер алдындагы иштетүү боюнча изилдөөлөрдүн жүрүшүндө борбордук карьерде 147 тонна алтын аныкталган;
  • 2025-жылы кен калдыктарын сактоочу жайда 121,4 тонна алтын жана 225 тонна күмүштүн запасы табылган.

Раимкулованын айтымында, бул жаңы табылган запастар Кумтөр кен жайын дагы көп жылдар бою ийгиликтүү иштетүүгө жана өлкөгө туруктуу киреше алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media