Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет
Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы ишканалар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун негизги жана акыркы окууда кабыл алды.
Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө "лицензиясыз бизнес жүргүзүү" укуктук режими киргизилет. Бул механизм ишкерлерге өз ишин баштоодо үч айга чейинки өткөөл жана ыңгайлашуу мөөнөтүн берүү максатын көздөйт.
Парламент өкүлдөрүнүн айтымында, аталган мыйзам ишкердикти баштоо баскычындагы ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.
Учурда мыйзам долбоору парламентинин Сенатында каралуусу күтүлүүдө. Жогорку палата жактыргандан кийин документ өлкө президентинин кол коюусуна жөнөтүлөт.