Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?
Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди.
Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу керек, анткени алдыдагы интеграция аймактагы өлкөлөр ортосундагы азыркы баа тең салмагын сөзсүз өзгөртөт.
"Азыр Казакстанда бензин Россия жана Кыргызстанга салыштырмалуу болжол менен эки эсе арзан. Ошондуктан баалар теңешкен учурда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 70–90% өсүшү мүмкүн. Бул, балким, дароо эмес, бирок салыштырмалуу тез болот. Мындай өсүш казакстандыктардын экономикалык абалына олуттуу таасир этет", — дейт ал.
Эгер эл эң көп колдонгон АИ-92 бензининин баасы 12-марттагы абал боюнча (бааны жогорулатууга мораторий болуп турган учурда) 239 теңге экенин эске алсак, төмөнкүдөй жыйынтык чыгат:
- 70% өссө — баа 406 теңгеге чейин жетет.
- 90% өссө — 454 теңгеге чейин көтөрүлөт.
Буга чейин Энергетика министрлиги баалар кескин эмес, акырындык менен өсөт деп билдирген. Бирок экономист Алмас Чукин да кесиптешинин пикирин колдойт — процесс жай жүрсө да, келечекте керектөөчүлөр үчүн байкаларлык болот.
Digital Business басылмасына берген маегинде ал рыноктун мыйзамы бааларды сөзсүз жогору жакка — эркин баа коюлган өлкөлөрдүн деңгээлине жакындатарын белгилеген.
"Баалар так кандай өсөрүн билбейм, бирок коңшу өлкөлөрдөгү салыштырмалуу эркин бааларды карасак, ошого жакын деңгээлге жылышы мүмкүн", — дейт Чукин.
Ал ориентир катары төмөнкү өлкөлөрдү мисал келтирет:
- Кыргызстанда АИ-92 болжол менен 385 теңге,
- Өзбекстанда — 489 теңге.
Экономист Россиядагы баалар тууралуу да өзүнчө токтолгон. Анын айтымында, ал жакта бензин салыштырмалуу арзан болгону жашыруун мамлекеттик субсидиялар менен түшүндүрүлөт.
"Ал жакта мамлекет бензин өндүрүүчүлөрүнө кошумча төлөм берет. Бир нече жыл мурун алар салык маневрин жасап, дүйнөлүк баа системасына өткөн. Ал эми ички рынокту колдоо үчүн жашыруун түрдө субсидия беришет", — деп түшүндүргөн Чукин.
Анын эсептөөсү боюнча, эгер субсидияларды кошо эсептесе, Россиядагы бензиндин чыныгы рыноктук баасы бир топ жогору болмок.
"Россиядагы май куюучу жайлардагы баага мунай иштетүүчү заводдор алган субсидияны кошсоңуз, анда толук рыноктук эсеп боюнча бизде баа Россияга караганда жогору болушу керек. Балким, Кыргызстан менен Өзбекстандагы баалар чыныгы рыноктук деңгээлге көбүрөөк жакын. Ошол бааларды реалдуу ориентир деп айтууга болот", — деп белгиледи экономист.
Жыйынтыктап айтканда, Алмас Чукиндин пикири боюнча, Казакстанда бензиндин баасы коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы орточо деңгээлде — литрине болжол менен 400 теңге айланасында калыптанышы мүмкүн.