“Манас” аэропортунун реконструкциясы майда аяктайт
“Манас” эл аралык аэропортунун реконструкциясы май айында аяктарын “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын инфраструктура жана аймактык аэропорттор боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропорту боюнча эки этапка бөлүнгөн иштердин биринчи этабы график боюнча аяктады.
“Бул учуп-конуу тилкесине асфальт төшөө, жарыктандыруу системаларын орнотуу боюнча жумуштарыбыз толук кандуу аяктап, сертификаттарды алдык.
Андан тышкары, былтыр май айында башталган аэробекетти кеңейтүү жана ичиндеги жасалгаларды жаңыртуу жумуштарын ушул жылдын май айында бүтүрүп, жаңы курулуп жаткан бөлүгүн пайдаланууга беребиз. Андан кийин эски жагын жаап алып, иштерди жүргүзө беребиз. Май айында жаңы курулган тарабынан элди өткөрө баштайбыз деп пландап жатабыз”, — деди Мамбетов.