Салык карызын банктык эсептен, электрондук капчыктан өндүрүү кантип ишке ашат?
Мамлекеттик салык кызматы билдирүү берилгенден кийин 30 күндүн ичинде төлөнбөгөн салык карыздарын жарандардын банктык эсептеринен жана электрондук капчыктарынан түз өндүрүп алуу тартибин түшүндүрдү.
Ведомствонун маалыматына караганда, салык карызын эсептен түз чыгарып алуу дароо эле ишке ашпайт. Ал үчүн төмөнкүдөй шарттар аткарылышы керек:
- Салык төлөөчүгө карызы тууралуу расмий билдирүү тапшырылат.
- Билдирүү берилгенден кийин жаранга карызды ыктыярдуу төлөө үчүн 30 календардык күн убакыт берилет.
- Эгерде бул мөөнөттө төлөм жүргүзүлбөсө, Салык кызматы банктагы эсептерден же электрондук капчыктардан каражатты түз өндүрүү жол-жобосун баштайт.
Акча каражаттарын эсептен чыгаруу үчүн карыз сөзсүз түрдө таанылган болушу шарт. Ага төмөнкүлөр кирет:
- Салык төлөөчү өзү тапшырган отчетто (декларацияда) көрсөтүлгөн суммалар;
- Салык органы тарабынан эсептелип, бирок мыйзамда белгиленген мөөнөттө жаран тарабынан даттанылбаган суммалар;
- Күчүнө кирген соттун чечими менен бекитилген карыздар;
- Салык төлөөчү арыз аркылуу өзү моюнга алган суммалар.
"Салык кызматы салыктарды төлөө мыйзам менен бекитилген ар бир жарандын милдети экенин эскертет жана салыктык милдеттенмелерди өз убагында текшерип, карыздардын пайда болушуна жол бербөөгө чакырат",— деп айтылат маалыматта.





