BAKAI Mastercard’ды ишке киргизет: премиалдык саякаттар, LoungeKey жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар

BAKAI Mastercard’ды ишке киргизет: премиалдык саякаттар, LoungeKey жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар

BAKAI жаңы Mastercard карталарын, Mastercard Gold жана премиалдык Mastercard World Elite картасын ишке киргизет. Карталар кыргыз сому (KGS) жана евро (EUR) валюталарында жеткиликтүү болуп, кардарларга күнүмдүк төлөмдөр, эл аралык сатып алуулар жана дүйнө жүзү боюнча саякаттар үчүн ыңгайлуу чечимди сунуштайт.

Mastercard World Elite – премиалдык деңгээлдеги комфорт

Mastercard World Elite жогорку деңгээлдеги сервисти баалаган жана көп саякаттаган кардарлар үчүн түзүлгөн.

Картанын артыкчылыктары:

• дүйнө жүзүндөгү LoungeKey бизнес-залдарына чексиз кирүү мүмкүнчүлүгү
• Mastercard Travel Experiences аркылуу аэропорттордо Fast Track кызматы
• глобалдык дата-роуминг
• саякат учурунда медициналык камсыздандыруу
• сапар маалында жаралган ыңгайсыздыктардан камсыздандыруу
• Mastercard өнөктөштөрүнөн эксклюзивдүү арзандатуулар жана сунуштар
• тейлөөнүн жогорку деңгээли жана эл аралык артыкчылыктар

Mastercard Gold – күнүмдүк сатып алуулар жана саякаттар үчүн

Mastercard Gold күнүмдүк жашоодо эл аралык картаны активдүү колдонгон кардарларга ылайыктуу.

Картанын артыкчылыктары:

• дүйнө жүзү боюнча товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү
• 3D Secure технологиясы аркылуу коопсуз онлайн сатып алуулар
• контактсыз төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү
• BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу картаны башкаруу
• Mastercard өнөктөштөрүнөн атайын акциялар жана пайдалуу сунуштар
• мейманканаларды брондоо жана авиабилеттерди сатып алуудагы ыңгайлуулук

BAKAI’дын Mastercard карталары – бул эл аралык сервистердин жана артыкчылыктардын жаңы деңгээли.

Mastercard’дын жаңы линиясы эми BAKAI кардарлары үчүн жеткиликтүү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген