Баткенде “Герой” БСРи пайдаланууга берилди

Баткенде “Герой” БСРи пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн “Герой” суткалык жөнгө салуу бассейни (БСР) пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бассейндин көлөмү 120 миң м³ болуп, ал Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылындагы 1500 гектар жерди сугат суу менен камсыздоону жакшыртат.

Оңдоо иштеринин алкагында бассейнде 1 млн 852 миң 458 м³ көлөмүндө механикалык тазалоо жүргүзүлүп, дамбанын жээктери бекемделди. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды.

Ирригация тармагын өнүктүрүүгө акыркы жылдары бөлүнгөн каражат көбөйүүдө. 2021-жылы бул максатка 520 млн сом, 2025-жылы 1,4 млрд сом бөлүнгөн. Ал эми 2026-жылы 10,3 млрд сом каралып, бүгүнкү күнгө чейин 1,6 млрд сом өздөштүрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга