Чүйдө жайыттарды тебелегендерге 38,5 миң сом айып салынды

Чүйдө жайыттарды тебелегендерге 38,5 миң сом айып салынды

Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жайыттарды жана жаратылыш аймактарын бузган жарандарга жалпы 38 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Аламүдүн райондук жол кайгуул кызматы менен биргеликте Ак-Таш жайытында рейддик иш-чара өткөрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жайыттарды жана жаратылыш аймактарын авто жана мототранспорт каражаттары менен бузуу боюнча мыйзам бузуулар аныкталып, күнөөлүү жарандарга жалпы суммасы 38 миң 500 сомдук административдик айып пул салынды.

Министрликтин маалыматына ылайык, буга чейин аталган аймакта мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү жана эскертүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген. Бирок талаптарды атайылап бузуу фактылары катталып жаткандыктан, көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.

Адистер Ак-Таш жайыты жалпы элдин байлыгы экенин белгилеп, жаратылыш аймактарына автоунаа жана мототранспорт менен мыйзамсыз кирүү экологияга жана жайыттардын абалына олуттуу зыян келтирерин эскертишти.

Белгилей кетсек, жайыттарды жана жаратылыш аймактарын бузуу фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык 5 миң 500 сомдон 20 миң сомго чейин административдик айып пул каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга