Тар жана Кара-Дарыя дарыяларынын жээктери бекемделип, дамбалар курулат — С.Жапаров

Тар жана Кара-Дарыя дарыяларынын жээктери бекемделип, дамбалар курулат — С.Жапаров

Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров айыл чарба жерлерин селден коргоо боюнча суроого жооп берди.

Кара-Гүз айылдык кеңешинин төрагасы Султанбек Абзаитов президентке кайрылып, Ылай-Талаа айыл аймагындагы Сары-Таш аймагында Тар дарыясына дамба куруу маселесин карап чыгууну өтүндү. Ошондой эле Кара-Дарыя дарыясынын жээктерин бекемдөө жана Кара-Кочкор айыл аймагындагы Биринчи Май айылынан Тоготой айылына чейин коргоочу курулуштарды салуу сунушталды.

Анын айтымында, туруктуу сел жүргөндүктөн бул аймактарда миңдеген гектар жер пайдаланылбай калууда.

Садыр Жапаров бул маселе буга чейин жыйында каралганын билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын дарыялардын эки жээгине дамба куруу үчүн каражат бөлөт. Бул долбоор ишке ашса, эки тараптагы жерлерди айыл чарба айлантуусуна киргизип, дыйкандарга иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жалпы чыгым 1 млрд 900 млн сомго бааланды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media
КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media
Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган 7 факты аныкталып, жалпы 68 миң сом айып салынды.

Ишкер Media
Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media