Токтогул районунда 13 чакырым канал колдонууга берилди

Токтогул районунда 13 чакырым канал колдонууга берилди

Токтогул районунда жалпы узундугу 13 чакырымды түзгөн “Бөкөнбай” каналы реаблитацияланып, колдонууга берилди.

“Баймурас” айыл чарба кооперативи тарабынан бир жылдын ичинде 13 чакырым канал реаблитацияланып, учурда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Жалпысынан 400 гектарга жакын айдоо жерине эгин эгилип жатат.

Кооперативдин жетекчиси Руслан Касымалиевдин айтымында, Токтогул районунда биринчи жолу 10 гектар жерге шалынын 5 сортун (күрүч) сээп көрүү пландалган.


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кооператив түзүүгө документ иштерине жардам берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында 1000 көчөт отургузулду

Ош шаарында 1000 көчөт отургузулду

Ош шаарында миң көчөт отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, көчөт отургузуу иш-чарасы Курманжан датка көчөсүндө өтүп, ага мэр Жанарбек Акаев жана шаар тургундары катышты. Анын алкагында липа жана четин (рябина) дарактары тигилди. Бул иш-чара шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында уюштурулду.

Каракол шаарында энергетика боюнча заманбап окуу борбору курулат

Каракол шаарында энергетика боюнча заманбап окуу борбору курулат

Каракол шаарында энергетика боюнча заманбап адистештирилген окуу борборун жана окуу-машыгуу полигонун куруу пландалып жатат. Борбор Азиядагы мындай форматтагы биринчи объект болорун КРнын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, борборду түзүү демилгеси энергетика министри Таалайбек Ибраев тарабынан көтөрүлгөн. Долбоор Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам

Студенттер калтырган сабактар төлөмүнүн кымбаттыгына нааразы

Студенттер калтырган сабактар төлөмүнүн кымбаттыгына нааразы

Бишкектин ЖОЖдорунун студенттери сабакка келбей калганы үчүн төлөмдүн кымбаттыгына нааразы экенин бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сейидбек Атамбаев билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, ага борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери арыз менен кайрылышкан. "Алар бир сабакты калтырганы үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн кымбаттыгына нааразы. Мисалы, Бишкек медициналык колледжинде сабакка барбай калгандар үчүн

Бишкек мэри шаардагы бир катар курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы бир катар курулуш объектилерин текшерди

Бишкек шаарында көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Текшерүүдө имараттын абалы каралып, аныкталган көйгөйлөр боюнча тапшырмалар берилди. Мэр реконструкция Спорт сарайы жана "Жаштык" аренасынын архитектурасына шайкеш болушу керектигин белгилеп, мурда