Кыргызстанда банктардын санынын өсүшү пайыздык чендин төмөндөшүнө шарт түзөт

Кыргызстанда банктардын санынын өсүшү пайыздык чендин төмөндөшүнө шарт түзөт

Кыргызстанда коммерциялык банктардын санынын көбөйүшү банк секторундагы атаандаштыкты күчөтүп, кредиттик ресурстардын көбөйүшүнө байланыштуу, пайыздык чендердин төмөндөшүнө өбөлгө түзөт. Мындай билдирүүнү КРУБ төрагасынын орун басары Азат Козубеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Адистин айтымында, жаңы банктардын рынокко тартылышы атаандаштыкты күчөтүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Ошондой эле жарандар жана бизнес үчүн насыя, төлөм, депозит жана санариптик кызматтардын жаңы түрлөрү пайда болушуна өбөлгө түзөт.

“Эгерде рыноктун катышуучуларынын саны көбөйсө, атаандаштык да күчөйт. Жаңы түзүлгөн коммерциялык банктар учурда 1 млрд сомдон өздүк капиталын банк системасына салып жатат. Бул демекчи, бир катар кызмат көрсөтүүлөр менен бирге кредит берүү үчүн да салымын кошот. Кредиттик ресурстардын сунушунун көбөйүшү пайыздык чендердин төмөндөшүнө да өбөлгө түзөт” – деп билдирди, Козубеков.

Эске салсак, акыркы эки жыл ичинде Кыргызстандын банк системасы туруктуулугун гана эмес, өсүү потенциалын да көрсөтүүдө. 2025-жылдын аягынан бери беш жаңы банк (“Берекет Банк” ЖАК, “АФБ” ЖАК, “Асман Банкы” ЖАК, “Кылым Банк” ААК жана “Мурас Банк” ЖАК) Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон. Ага чейинки акыркы банк 2016-жылы ачылгандыгы белгилүү. 

КРнын коммерциялык банктарынын жана алардын филиалдарынын 2026-жылдын 15-майына карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк иш алып барууда. Ошондой эле алардын өлкө аймагындагы филиалдык тармагы кеңейүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media