Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Бишкектин Жал-23 кичи районунда, Курчатов көчөсүнүн 95 жана 97-даректеринде уруксат документтери жок көп кабаттуу үй куруу аракети токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз курулуш үчүн "Мега Трест" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, компаниянын курулуш лицензиясы жокко чыгарылды.

Компания тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, өз алдынча жер казуу иштерин баштаган. Буга чейин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан мыйзам бузууларды жоюу боюнча бир нече жолу эскертүү жана милдеттүү көрсөтмөлөр берилген. Бирок компания талаптарды аткарган эмес.

2026-жылдын 27–29-октябрында жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында айып пул салынган.

27-ноябрда объекттеги курулуш-монтаждоо иштери толугу менен токтотулуп, курулушка мөөр басылды. Ошондой эле компанияга котлованды кайра көмүп, жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү үчүн беш күндүк мөөнөт берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты