Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды
Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жана Балыкчы шаарынын акваториясынан мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 8 даана эски тор алынды. Алардын жалпы узундугу 800 метрди түзөт.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, торлор браконьерликтин алдын алуу жана суу биоресурстарын коргоо максатында өткөрүлгөн рейд учурунда чыгарылды.
Мындай рейддик иш-чаралар Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу багытында улантылат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу