Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Эсептөө палатасы Ош шаарынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзгөн аудиттин жүрүшүндө бюджеттик каражаттарды пайдаланууда, муниципалдык мүлктү башкарууда жана мамлекеттик сатып алууларда бир катар мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин Кеңешинин жыйынында маалымдалды.

Аудиттин жыйынтыгында Ош шаарынын мэриясынын 2025-жыл үчүн финансылык отчеттуулугунун толуктугу жана аныктыгы боюнча аудитордук пикир билдирүү мүмкүн болгон эмес. Буга жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча талаптагыдай түзүлгөн жана бекитилген жыйынды баланстын жоктугу себеп болгон.

Текшерүүдө муниципалдык мекемелердин бухгалтердик эсебин жүргүзүүдө, финансылык отчеттуулукту түзүүдө, бюджеттик каражаттарды пайдаланууда жана мамлекеттик сатып алууларда да кемчиликтер табылган. Мындан тышкары, турак жайларды жана коммерциялык объекттерди бузууга, жер тилкелерин алып коюуга байланыштуу компенсацияларды эсептөө жана төлөө маселелеринде мыйзам бузуулар аныкталган.
Аудиттин маалыматына ылайык, Ош шаарынын бюджетинин кирешеси 6,3 млрд сомго көбөйгөн. Бирок бул өсүштүн дээрлик 95%ы, же 6 млрд сому республикалык бюджеттин эсебинен камсыздалган. Эсептөө палатасы жергиликтүү бийликте чечимдердин бир адам тарабынан кабыл алынышы жана аткаруучу менен өкүлчүлүк органдардын функцияларынын так бөлүштүрүлбөшү шаардын экономикалык абалына терс таасирин тийгизгенин белгилеген.

Ошондой эле базарлардын жана соода объекттеринин жабылышы салыктык кирешелердин кыскарышына алып келүү тобокелдигин жараткан. Соодагерлерге кредиттик басым күчөп, объекттерди ыкчам тартипте буздуруунун натыйжасында мамлекетке 11,5 млрд сомдон ашык компенсация төлөө зарылдыгы келип чыккан.

Курулуш тармагындагы кемчиликтер  

Аудиттин билдирүүсүнө караганда, мыйзамдуу документтери жок эле, мурдагы мэрдин протоколдук тапшырмасынын негизинде жалпы наркы 3,6 млрд сом болгон курулуштар башталган. Мунун натыйжасында подрядчылардын алдында 2,5 млрд сомдон ашык кредитордук карыз топтолгон. Мындан тышкары, каржылоо булагы аныкталбаган, жалпы наркы 3 млрд сомдон ашкан бүтпөй калган курулуш объекттери бар экени белгиленген.

Эсептөө палатасы муниципалдык мүлктүн жетишсиздиги жана ири суммадагы каражаттарды мыйзамсыз ээлеп алуу тобокелдиктери боюнча материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтөрүн билдирди. Аудиттин бардык материалдары укуктук баа берүү жана мүмкүн болгон кылмыштуу аракеттерге бөгөт коюу үчүн Башкы прокуратурага да жөнөтүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты

Президенттин алдында ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзгөн кеңешме түзүү сунушталууда