Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт
Кыргызстандын Африка континентиндеги өлкөлөр менен саясий жана экономикалык байланыштарын өнүктүрүү маселеси Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынында талкууланды. Жыйынга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев төрагалык кылды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарада Кыргызстандын Эфиопиядагы жана Мисирдеги элчилеринин баяндамалары угулуп, Эфиопиядагы элчиликтин алгачкы иш жыйынтыктары каралды.
Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматташуусун күчөтүү жана экономикалык дипломатиянын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда Кыргызстандын Эфиопиядагы жана Мисирдеги элчиликтеринин мындан аркы иш багыттары аныкталды. Мындан тышкары, Африка өлкөлөрү менен орто мөөнөттүү мезгилге кызматташууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу