Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда
Нарын районунун Эмгекчил айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 135 млн сомду түзөт.
Курулуш 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда мектептин биринчи кабатынын дубалдары тургузулду.
Долбоорго ылайык, эки кабаттуу имаратта окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галерея болот. Мектептин жалпы аянты 1604 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу