Кыргызстанда берилген микрокредиттердин басымдуу бөлүгү керектөө муктаждыктарына жумшалат

Кыргызстанда берилген микрокредиттердин басымдуу бөлүгү керектөө муктаждыктарына жумшалат

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан жарандарга 23 млрд сомдон ашык суммада кредит берилди. Ал эми насыя алуучулардын саны 807 миңге жакын адамды түзгөн.

Маалыматта белгиленгендей, берилген микрокредиттердин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 % өскөн. Ошондой эле микрокредит алган жарандардын саны эки эседен ашык көбөйгөнү айтылды. Адистер муну кыска мөөнөттүү онлайн-кредиттердин өнүгүшү менен байланыштырууда.

Тармактык түзүм боюнча алганда, берилген микрокредиттердин эң ири үлүшү мурдагыдай эле керектөө муктаждыктарына туура келген. Бул жалпы көлөмдүн 63 % түзөт.

Мындан тышкары, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө берилген микрокредиттердин үлүшү 16 %дан ашык болсо, соода жана коомдук тамактануу тармагына берилген насыялар 9 %дан ашыкты түзгөн.

 2026-жылдын I кварталында калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен) төмөнкүдөй:  

Микрокредит алуучулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына туура келген. Тактап айтканда, насыя алуучулардын жалпы санынын дээрлик 46 % борбор калаанын тургундары болгон. Андан кийин Чүй облусу 12 %, Ош облусу 10% жакын жана Жалал-Абад облусу 9,5% менен орун алды.

Ошол эле учурда берилген микрокредиттердин көлөмү боюнча да Бишкек шаары алдыда турат. Жалпы сумманын 31% борбор калаадагы алуучуларга берилген. Ал эми Ош облусунун үлүшү 15,5%, Жалал-Абад облусу 13% жана Чүй облусу дээрлик 13% түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media