Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Кыргызстанда жылдык 1,5 пайыздык чен менен жарандарга насыя берүү башталганы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Экономика министрлиги бул каражат айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорду каржылоо үчүн тартылып жатканын түшүндүрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында "Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорго" Дүйнөлүк банктан кошумча 20 млн доллар тартуу маселеси каралган.

Насыя 25 жылга берилип, анын ичинде 5 жыл жеңилдетилген мезгил каралган. Жылдык пайыздык чен 1,5 пайызды түзөт. Бирок бул шарттар долбоорго тартылган насыяга тиешелүү. Айыл тургундарына жана ишкерлерге мындай пайыз менен жеке насыя берүү каралган эмес.

Кошумча каражаттын 10,7 млн доллары айылдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, 8,3 млн доллары жергиликтүү экономиканы колдоого, ал эми 1 млн доллары долбоорду башкарууга жумшалат.

Долбоордун алкагында өлкөнүн жети облусундагы айыл аймактарын камтуу пландалууда. Учурдагы 40 айыл аймагына кошумча дагы 21 аймакты кошуп, жалпы санын 61ге жеткирүү сунушталган.

Жергиликтүү демилгелерди колдоо аялдар менен жаштардын ишкердик жүргүзүүсүнө, жумуш орундарын түзүүгө жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат. Айыл аймактарынын акыркы тизмеси тиешелүү комиссия тарабынан бекитилет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты

Президенттин алдында ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзгөн кеңешме түзүү сунушталууда

Айылдарды өнүктүрүү үчүн 1,5%дык насыя берилет

Кыргызстандын беш компаниясы Стамбулдагы "Халал Экспо - 2026" көргөзмөсүнө катышууда