Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда
Жакынкы жылдары өлкөнү электр энергиясын сатып алуучу эмес, сатуучу абалга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсант Өмүрбеков "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул жаатта Кыргызстандын потенциалы бар. Өмүрбеков электр энергиясы тармагында бир топ иштер аткарылып жатканын кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө Күндөн энергия алуучу станциялар курулуп жатат. Ошондой эле эскилиги жеткен аба чулбалгылар менен көмөк чордондор жаңыртылууда", - деди ал.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу