Мэрия төрт жумадан кийин гана жооп берди, бирок негизги суроо жоопсуз калды

Мэрия төрт жумадан кийин гана жооп берди, бирок негизги суроо жоопсуз калды

“Ишкер медиа” басылмасы 2026-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык мэриясына муниципалдык коомдук транспортто накталай төлөмдөн баш тартуу боюнча расмий суроо-талап жөнөткөн. Бирок жооп редакцияга 13-июлда гана берилди. Мыйзам боюнча мамлекеттик органдар жарандардын суроолоруна 14 иш күнүндө жооп бериш керек болсо, иш жүзүндө шаар башкармалыгы маселени 20 жумуш күнү же төрт жумадан кийин гана карап чыкты.

Редакциянын суроолору акыркы өзгөртүүлөр, коомдук транспортто жол кире төлөөнүн жаңы эрежеси тууралуу болчу:

-        Коомдук транспортто накталай төлөмдү кабыл албай коюу - КРнын мыйзамдарына каршы келбейби?;
-        Эгерде колунда нак эмес акчасы жок, бирок капчыгында нак акчасы бар жарандар жол кирени төлөш үчүн кандай айла кылышы керек?  

Бул суроолорго Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин башкы адиси Руслан Исаков жооп берип, муниципалдык транспортто накталай эмес төлөм системасы Бишкек шаардык кеңешинин чечиминин негизинде киргизилгенин билдирди.

“Учурда Бишкек шаарындагы муниципиалдык коомдук транспортто жол кирени накталай эмес  төлөө системасы киргизилген. Бул чечим Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү чечимдеринин негизинде кабыл алынып, жол киреден түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана транспорт тармагын санариптештирүүгө багытталган. КРнын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн аймагындагы бардык эсептешүүлөр улуттук валюта – сом менен жүргүзүлөт. Банктын картасы, QR-код, “Тулпар” картасы жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр да - сом менен эсептелет. Ушуга байланыштуу коомдук транспортто накталай эмес төлөм системасын колдонуу КРнын мыйзамдарына каршы келбейт. – деп билдирди, мэриясынын өкүлү.

Бирок “Ишкер медиа” мэрия жиберген жооп - редакция көтөргөн негизги маселеге туура келбейт - деп эсептейт. Себеби редакциянын суроосу электрондук төлөмдүн мыйзамдуулугу тууралуу эмес. КРнын мыйзамдары боюнча мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган накталай сом эмне үчүн муниципалдык автобустарда кабыл алынбай жаткандыгы тууралуу болчу.

Буга чейин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы да керектөөчүлөрдүн укугу сакталууга тийиш экенин белгилеп, жарандарга накталай да, накталай эмес да төлөө мүмкүнчүлүгү болушу керек деген позициясын билдирген.

Мэрия жаңы талаптарды киргизүүдөн мурда жарандар үчүн жеткиликтүү альтернативалуу шарттарды толук түзүшү керек эле. Маселен, “Тулпар” карталарын сатуу жана толуктоо түйүндөрүн көбөйтүү, аларды эл көп топтолгон аялдамаларда жеткиликтүү кылуу ж.б маселелер алдын ала чечилсе, жаңы эрежелер жарандар үчүн кыйла ыңгайлуу болмок. Айрым айдоочулар дагы накталай жол кирени алганы үчүн - иштен бошобойт эле.

Ошондой эле көтөрүлгөн укуктук суроолор боюнча мамлекеттик органдардын так, ыкчам жана негиздүү түшүндүрмөсү берилсе, коомчулуктун ишенимин арттырууга жардам бермек.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга, ошондой эле башка юридикалык жактарга карата бир катар таасир этүү чараларын көргөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында микрофинансылык уюмдарга 30, кредиттик союздарга 29, кредиттик бюрого 1 жана

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кытайдан "Ч.К.М." ЖЧКсынын дарегине алып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактысын аныктады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Түндүк-чыгыш бажысынын "Кант" бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору К.М.Т. жана "Ч.К.М.

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын