Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды башкаруунун жаңы тутумун киргизет

Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды башкаруунун жаңы тутумун киргизет

КРнын Улуттук статистика комитети расмий статистиканын санариптик инфраструктурасын өркүндөтүү максатында структуралык мета-маалыматтар (метадайындар) тутумун киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. 6–10-июль күндөрү комитетте эл аралык эксперт Андреа Брунинин миссиясы болуп өттү.

Миссиянын алкагында, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов эксперт менен жолугушуп, расмий статистиканы санариптештирүү, структуралык мета-маалыматтарды башкаруунун эл аралык стандарттарын киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Миссиянын жүрүшүндө эксперт комитеттин адистери менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, структуралык метадайындар тутумун өнүктүрүү, бирдиктүү репозиторий түзүү жана эл аралык моделдерди статистикалык өндүрүшкө киргизүү боюнча сунуштарын берди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, структуралык метадайындар статистикалык маалыматтарды уюштурууну бирдиктүү стандартка келтирип, маалыматтарды издөө, салыштыруу жана пайдаланууну жеңилдетет.

Бул мамлекеттик органдар, бизнес өкүлдөрү, илимий чөйрө жана эл аралык уюмдар үчүн сапаттуу жана ишенимдүү статистикалык маалыматтарды пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media