Эсептөө палатасы: Кочкор районунан 233,2 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы: Кочкор районунан  233,2 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын Нарын облусу боюнча аймактык бөлүмү аудитордук иш планга ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында -  233 млн 230,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады.

Бул каражаттын 209 млн 160,8 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, бүгүнкү күнгө чейин 200 млн 564,6 миң сому калыбына келтирилди.

Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, аудиттин жүрүшүндө бюджетти пландоодогу кемчиликтер, бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы тартип бузуулар, капиталдык курулуш иштериндеги мыйзам бузуулар, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү кемчиликтер жана 180 млн 559,8 миң сомдук мүлктүн талаптагыдай сакталбаганы аныкталган.

Ошондой эле Кочкор финансы башкармалыгындагы Toyota Camry үлгүсүндөгү кызматтык автоунааны сатуу жана Сары-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасына таандык атайын техникаларды ижарага берүү боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Нарын облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү отчеттор, ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктар жана сунуштар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media