Финансы министрлиги 2026-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

Финансы министрлиги 2026-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

2026-жылдын 14-июлунда Финансы министрлигинде министрликтин коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Анда министрликтин өкүлдөрү 2026-жылдын биринчи жарым жылындагы иштин жыйынтыгын чыгарып, республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн көрсөткүчтөрү, мамлекеттик жана салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн карап чыгышты.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, коллегияда мындан сырткары бюджеттин аткарылышындагы учурдагы тенденциялар жана бюджеттик саясаттын ишке ашырылышы боюнча маселелер каралды жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.  

Коллегияда аткаруучулук тартипке өзгөчө көңүл бурулуп, тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар белгиленди. Ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын бюджетинин аткарылышы жана Баалуу металлдар департаментинин өнүгүү стратегиясынын долбоору да каралды.

Коллегиянын жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынып, республикалык бюджеттин сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга, бюджеттик процессти өркүндөтүүгө, финансылык тартипти чыңдоого жана Финансы министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тапшырмалар берилди.  

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media