Финкөзөмөл эки крипто компаниянын лицензиясын кайтарып алды

Финкөзөмөл эки крипто компаниянын лицензиясын кайтарып алды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузган эки компаниянын лицензиясын кайтарып алды.

Мекеменин маалыматына ылайык, виртуалдык активдердин жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу, виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жана виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ишин жүзөгө ашырууга мурда берилген лицензияларды кайтарып алды.

КРнын «Виртуалдык активдер жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Финкөзөмөлдүн буйруктары менен төмөнкү юридикалык жактардын лицензиялары кайтарылып алынды:

-        “Гринекс” ЖЧКсы;
-        “Онли Файненс” ЖАК.

Финкөзөмөл виртуалдык активдер рыногунда иш алып барган бардык компанияларды мыйзам талаптарын так сактоону жана өз милдеттерин ак ниет аткарууну эскеретүүдө.

Мекеме мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл улантыларын белгилеп, мыйзам бузган субъекттерге карата мыйзамда каралган чаралар көрүлөрүн билдирди. Бул рыноктун ачыктыгын камсыздоого, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана өлкөнүн финансы секторунун туруктуу өнүгүшүнө багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Суу капчыгайында ири курорттук комплекс куруу пландалууда

Ак-Суу капчыгайында ири курорттук комплекс куруу пландалууда

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында 200 орунга ылайыкталган курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы инвестицияларды тартуу жана аймактын туристтик потенциалын

Кыргызстанда компанияларды каттоо эрежелерин министрлик кантип өзгөртүп жатат?

Кыргызстанда компанияларды каттоо эрежелерин министрлик кантип өзгөртүп жатат?

Мындан бир нече жыл мурда эле өзүнүн компаниясын ачуу кыйынчылыктарды жаратып, чыныгы бюрократиялык жолду басып өтүү дегенди билдирчү. Документтердин чоң пакетин даярдоо, нотариустан кол тамгаларды күбөлөндүрүү, юстиция органдарына бир нече жолу баруу, кезек күтүү менен бир нече күндөн кийин гана каттоо күбөлүгү колго тийчү.  Учурда бул жол-жоболор таптакыр башка

2027-жылдан тарта желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

2027-жылдан тарта желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

Мамлекеттик саясаттын алкагында, глобалдык демилгени жигердүү колдоого алуу менен, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги этап-этабы менен айрым түрдөгү желим буюмдардын жана полимердик пленкалардын жүгүртүүсүн чектөөнү киргизип жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, желим буюмдардын калдыктарына байланыштуу экологиялык көйгөйлөр, алардын адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна тийгизген

Ат-Башынын Кара-Суу айылын таза суу менен камсыздоо үчүн каражат бөлүндү

Ат-Башынын Кара-Суу айылын таза суу менен камсыздоо үчүн каражат бөлүндү

Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагына караштуу Жибек-Жолу калктуу конушунда элди таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы М. Шербаевдин жеринде эл менен болгон жолугушууларында тургундар