Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү

Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандын экономикасында оң өсүш байкалды. Алдын ала маалымат боюнча, ички дүң продукт (ИДӨ) 960 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9%га көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өнөр жай продукциясынын көлөмү 450,4 млрд сомго жетип, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси 112,7%ды түздү.

Өсүш негизинен химиялык продукцияны 2,9 эсеге, фармацевтикалык продукцияны 1,8 эсеге, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык продукцияны жана тазаланган мунай өнүмдөрүн 1,7 эсеге көбөйтүү, ошондой эле транспорт каражаттарын (40,7%), курулуш материалдарын (33,4%), негизги металлдарды (11,9%), тамак-аш жана суусундуктарды (8,2%) өндүрүүнүн жана пайдалуу кен казуунун (12,8%) өсүшү менен шартталды. Курулуш тармагында аткарылган иштердин көлөмү 1,7 эсеге, дүң жана чекене соода 5%га, айыл чарбасы 4,3%га өстү.

Билдирүүгө караганда, жыл башынан бери республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 5,5%га жогорулады. Анын ичинде азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 5,4%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 7,2%га, азык-түлүк эмес товарлар 3,3%га, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,3%га кымбаттады.

Баалардын эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталып, 12,5%ды түздү. Ал эми азык-түлүккө болгон баа эң көп Ысык-Көл облусунда өсүп, 8,9%га жетти.

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 6,3 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1%га көбөйдү.

Ошол эле мезгилде өлкөнүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү 2,4 млрд долларды түзүп, 6%га өстү. Экспорт 3,2%га азайса, импорт 8,3%га көбөйдү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын негизги үлүшү Россияга (67,8%) жана Казакстанга (29,8%) туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media
Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарын облусунда ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, Финансы-кредиттик фондунун төрагасы Элдияр Доолбеков жана жергиликтүү ишкерлер катышты. Ишкерлерге мамлекеттик колдоо чаралары, жеңилдетилген насыялар, долбоорлорду каржылоо шарттары жана стартаптарга көрсөтүлүүчү көмөк

Ишкер Media
Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Иран президенти Масуд Пезешкиан

Ишкер Media