РКӨФ Жалал-Абадда фасаддык панелдерди чыгаруучу заводду каржылады

РКӨФ Жалал-Абадда фасаддык панелдерди чыгаруучу заводду каржылады

Россия–Кыргыз өнүгүү фонду (РКӨФ) Жалал-Абад облусунда фасаддык жана сэндвич-панелдерди чыгаруучу заводду ишке киргизүү үчүн 350 миң доллар бөлдү. Бул маалымат менен РКӨФ төрагасы Артем Новиков социалдык баракчасында бөлүштү. Анын айтымында "Мантай Групп" компаниясы ишке ашырып жаткан долбоордун жалпы наркы 600 миң доллардан ашат.

Учурда ишкана суткасына 1 500 чарчы метр сендвич-панель чыгарып жатат. Завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыккандан кийин бул көрсөткүч 2 500 чарчы метрге чейин жетет. Мындай көлөм өлкөнүн түштүгүндөгү ири турак жай жана өнөр жай объектилерин заманбап фасаддык каптоо материалдары жана желдетилүүчү фасаддар үчүн бекиткич системалар менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Артем Новиковдун айтымында, долбоор курулуш материалдарынын импортун алмаштырууга жана ата мекендик курулуш тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Заводдун продукциясы ички рынокту заманбап фасаддык жылуулоочу материалдар жана желдетүү системалары үчүн бекиткичтер менен камсыз кылат.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Иран президенти Масуд Пезешкиан

Ишкер Media
SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

Декабрдын башынан тартып SCAT авиакомпаниясы Бишкек - Санья - Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору АКК билдирди. Маалымдалгандай, түз аба каттам Кыргызстандыктарга Кытайдын эң популярдуу курортторунун бири - Хайнань аралындагы Санья шаарына которулмаларсыз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы чартер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүп, жүргүнчүлөр үчүн дагы бир

Ишкер Media
Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media