Европа Биримдиги Кыргызстандын суу чарбасына 86 млн евродон ашык колдоо көрсөтөт

Европа Биримдиги Кыргызстандын суу чарбасына 86 млн евродон ашык колдоо көрсөтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Европа Биримдигинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Реми Дюфло менен жолугушуп, суу чарбасы жана айыл чарба тармагындагы кызматташууну талкуулады.

Жолугушууда ирригациялык жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо, сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле органикалык дыйканчылыкты жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү маселелери каралды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тараптар учурда Европа Биримдиги, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башка европалык каржы институттарынын колдоосу менен жалпы наркы 86 млн евродон ашкан суу чарба долбоорлору ишке ашырылып жатканын белгилешти. Ошондой эле былтыр Кыргызстандын суу чарба тармагындагы реформаларды колдоого багытталган 17 млн евро гранттык келишимге кол коюлуп, аны ишке ашыруу улантылып жатканы айтылды.

Мындан сырткары, жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Европа Биримдигинин рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселеси талкууланды. Бул үчүн продукциянын сапатын жогорулатуу, лабораториялык базаны чыңдоо, эл аралык стандарттарды киргизүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кызматташуу улантылары белгиленди.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдеп, кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media