АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин жогорулап, айрым май куюучу жайларда литри 109,9 сомго чейин жетти. Ошол эле учурда айрым түйүндөрдө күйүүчү май таптакыр жок болуп, айдоочулар арасында нааразычылык күчөдү.

Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардын абалына сереп салсак, анын жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

-        Bishkek Petroleum май куюучу жайларында АИ-95 109,9 сомдон сатылууда;

-        Red Petroleum тармагында баасы 97,9 сом;

-        «Жолго» май куюучу жайларында АИ-95 таптакыр жок, анын ордуна АИ-92 (G-Drive) 83,9 сомдон сунушталууда.

Эске салсак, 2026-жылдын 25-майында Министрлер кабинети АИ-92, АИ-95, дизелдик отун жана суюлтулган газдын баасын мамлекеттик жөнгө салууга алып, импорттоочулар үчүн убактылуу субсидияларды бекиткен.

Бирок 30-июнда Россия бензин менен авиациялык күйүүчү майды экспорттоого толук тыюу салган. Андан кийин өлкөдө АИ-95 тартыштыгы күчөй баштаган.

Ал эми 7-июлда Министрлер кабинети АИ-95 бензинин мамлекеттик баа жөнгө салынуучу товарлардын тизмесинен алып салган. Натыйжада бул марканын баасы рыноктук шартта калыптанып, айрым май куюучу жайларда бир күндүн ичинде эле кескин өсүп кетүүдө.

Социалдык тармактарда жарандар АИ-95 бензининин баасынын 1 сутка ичинде 100 сомдон ашып, 109,9 сомго жетишин кескин сынга алып, анын себептерин түшүндүрүүнү талап кылышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media