Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын кантип төлөөгө болот?

Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын кантип төлөөгө болот?

2026-жылдын 1-сентябрына чейин ишкердик иште пайдаланылбаган турак үйлөргө жана батирлерге салынуучу салыкты жана үй жанындагы бак-чарба жер участокторуна салынуучу салыкты төлөө талап кылынат. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы алдын ала салык төлөөчүлөргө Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын төлөөнүн тартиби тууралуу маалымат берди.

Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын төлөө үчүн төмөнкү кадамдарды этап-этабы менен аткаруу сунушталат:

 -        Салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү;
-        Башкы беттеги "Салыктык милдеттенмелер" бөлүмүнөн төлөм жүргүзүлө турган мүлк объектисин тандоо.
-        Система төлөнүүгө тийиш болгон эсеп боюнча маалыматты көрсөтөт.
-        "Төлөө" баскычын бассаңыз, автоматтык түрдө QR-код же эсептешүү эсеби талап кылынат
-        Төлөмдү өзүңүзгө ыңгайлуу болгон ыкма менен жүргүзүңүз

Мүлк салыгы боюнча салыктык билдирүүлөр салык органы тарабынан салык төлөөчүлөргө учурдагы салык мезгилинин 1-августунан кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Бул билдирүүдө - тиешелүү салык мезгили үчүн эсептелген мүлк салыгынын суммасы тууралуу маалымат камтылат.

 Ал эми салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салыктык билдирүүнү көрүү үчүн башкы беттеги “МСК менен кат алышуу” бөлүмүнө өтүп, “Мүлк боюнча МСКнын билдирүүсү” документин ачуу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media