Кыргызстандын жери сатылбайт, инвесторлорго убактылуу гана пайдаланууга берилет

Кыргызстандын жери сатылбайт, инвесторлорго убактылуу гана пайдаланууга берилет

Акыркы кездерде коомчулукта жерди убактылуу  пайдаланууга берүү маселеси кызуу талкууну жаратып, түшүнбөстүктөр болгондугуна байланыштуу жакында эле Президент Садыр Жапаров жер маселеси боюнча түшүндүрмө берип, Кыргызстандын 1 см жери да башка мамлекетке сатылбай турганын билдирген.

Президенттин айтымында, азыр инвестициялык долбоорлор үчүн пайдаланууга берилген жерлер өлкөнүн жалпы аймагынын 0,1%дан аз аянтын түзөт. Бул жерлерге завод-фабрикалар, логистикалык борборлор, энергетикалык жана туристтик объектилер курулушу керек болчу. Бирок акыркы жылдары айрым инвесторлор жерди узак мөөнөткө алып, курулуш иштерин жүргүзбөстөн, пайдалануу укугун башка адамдарга өткөрүп же жерди башка максатта колдонуп келишкени аныкталган.

Ушуга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү сунушталып жатат. Ага ылайык,       жер белгиленген максатта жана мөөнөттө гана пайдаланылышы керектиги белгиленип, курулуш башталбаса же инвестициялык шарттар аткарылбаса, келишим бузулуп, жер мамлекетке кайтарылып берилери айтылууда.

Ал эми инвестициясыз өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү мүмкүн эместигин билдирген Президент, мыйзамды сактап иштеген инвесторлор үчүн Кыргызстан ачык бойдон каларын билдирди.

Бүгүн ушул жер маселеси "Биринчи радионун" түз эфиринде да талкууланды. Ага Экономика жана коммерция министрлигинин, Юстиция министрлигинин жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышып, азыркы мыйзамдарда чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын жери менчикке берилбей турганы так жазылгандыгын белгилешти.

Ошондой эле мамлекеттик органдар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер берүүдө инвестордун каржылык мүмкүнчүлүгү, тажрыйбасы жана алган милдеттенмелерин аткаруу жөндөмү алдын ала текшерилерин белгилешти.

Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы Айнура Сулайманованын айтымында, мамлекет жаңы гана өнүгүүгө багыт алды.

“Бул багытты башташ үчүн чынында бизге инвесторлор керектелет. Себеби дегенде бизде тийиштүү билимге ээ болгон адистерибиз жок, ири техникаларды жөнгө салуу үчүн дагы биз инвесторлорго муктаж болуп жатабыз. Бизде эң ири обьектилер түшүп жатканга байланыштуу, инвесторлорду тартуу менен аларга белгилүү бир жерлерди аныктап, мамлекет ошолорго берип жатат. Бул улуттук жана мамлекетти маанидеги доолбоорлор болуп саналат” – деди Айнура Сулайманова.

Мындан сырткары адистер мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн негизги максаты – жерди натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү экенин белгилешти. Билдирүүгө караганда биздин мыйзамдарда, буга чейинки деле, азыркы күчүн жоготкон жер кодексинин 7-беренесинде “чет өлкө жарандарына 50 жылга чейин пайдаланууга берүү” деген атайын ченем бар болчу. Ушул эле ченем кабыл алынган жаны жер кодексинин 9-беренесинде дагы көрсөтүлдү.

Бирок бул автоматтык түрдө 50 жылга чейин берилет дегенди билдирбейт. Балким 10, 20 же 30 жылга берилиши мүмкүн. Азыркы тапта Экономика, коммерция министрлиги демилгелеген мыйзам ошол жер кодекси менен инвестициялар жөнүндөгү КРнын мыйзамынын кээ бир ченемдерине тактоо иретинде долбоор киргизилип, толук экспертизадан өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media