Кыргызстанда "Бала Береке" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда "Бала Береке" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү сунушталууда

Министрлер Кабинети коомдук талкууга "Бала Береке" мамлекеттик балдар депозити жөнүндө жобонун долбоорун чыгарды. Ага ылайык, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу эне каза болуп калса, "Бала Береке" бир жолку төлөмүн ала албай калган учурда, анын 18 жашка чыга элек балдарынын ар биринин атына мамлекеттик депозит ачылат.

Депозитке энесине төлөнүүгө тийиш болгон каражат тең үлүштө бөлүштүрүлүп салынат. Депозиттер "Айыл Банк" аркылуу ачылып, пайыздык чени Финансы министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги макулдашкандан кийин белгиленет.

Ошондой эле документте "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун тартибине да бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда. Алардын негизгилери:

-        жөлөкпулду дайындоодо документтерди жөнөкөйлөтүү;
-        чет өлкөдө төрөлгөн балдар үчүн талап кылынуучу документтерди тактоо;
-        жашаган жерди "Санарип аймак" маалыматтык системасы аркылуу ырастоо;
-        "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берилген арыздарды бир жумуш күнүнүн ичинде кароо.

Мындан тышкары, долбоордо "Бала Береке" бир жолку төлөмүн берүү тартибиндеги айрым жоболор да жаңыланып, маалыматтарды мамлекеттик санариптик системалар аркылуу текшерүү жана электрондук кызматтарды кеңейтүү каралган.

Документ коомдук талкууга коюлуп, кабыл алынгандан кийин расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөн соң күчүнө кирет.


Эске салсак, Кабминдин 642-токтомуна ылайык, "Бала Береке" төлөмү Кыргыз Республикасынын жараны же кайрылман күбөлүгү бар, бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда эки жылдан кем эмес туруктуу жашаган жана 2026-жылдын 1-январынан тартып төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media