Кыргызстандын улуттук статистика системасына эл аралык баалоо башталды

Кыргызстандын улуттук статистика системасына эл аралык баалоо башталды

21-июлда Улуттук статистика комитетинде Кыргызстандын улуттук статистика системасын эл аралык стандарттарга шайкештигин аныктоого багытталган Глобалдык баалоо расмий түрдө башталды. Бул тууралуу комитеттен кабарлашты.

Баалоону БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын колдоосу менен түзүлгөн эл аралык эксперттер тобу жүргүзөт. Анын курамына ЕЭК БУУ, ЭСКАТО БУУ, Евростат, Норвегиянын Борбордук статистика бюросу жана Швейцариянын Федералдык статистика башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов эксперттер менен жолугушууда акыркы беш жылдагы статистика тармагындагы реформаларды, санариптештирүү иштерин, административдик маалыматтарды кеңири колдонуу жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча жетишкендиктерди талкуулады.

Глобалдык баалоо 21–28-июль аралыгында өтүп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын статистика системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар даярдалат.


Белгилей кетсек, бул Кыргызстан үчүн үчүнчү Глобалдык баалоо болуп саналат. Буга чейин мындай баалоо 2011 жана 2021-жылдары жүргүзүлгөн.
Миссиянын алкагында эл аралык эксперттер Улутстаткомдун адистери, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, академиктер коомчулугунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү - расмий статистиканын колдонуучулары жана өндүрүүчүлөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media