Экологиялык тармактар боюнча социалдык эсептер матрицасы иштелип чыкты

Экологиялык тармактар боюнча социалдык эсептер матрицасы иштелип чыкты

КРнын Улуттук статистика комитетинде Азия өнүктүрүү банкынын эл аралык эксперти Майкл Жон Барсабалдын миссиясы болуп өттү. Анын алкагында экологиялык тармактардын статистикалык эсебин өркүндөтүү жана улуттук эсептер системасын өнүктүрүү маселелери каралды.

Миссиянын негизги максаты - экологиялык тармактар боюнча социалдык эсептер матрицасын иштеп чыгуу, алынган көрсөткүчтөрдү ресурстарды пайдалануу жана “Чыгымдар – чыгарылыш” таблицаларын интеграциялоо, ошондой эле алардын өлкөнүн ички дүң өнүмүнө (ИДП) кошкон салымын аныктоо болуп саналат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана “жашыл” экономикага өтүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болуп, бул багыттагы статистикалык көрсөткүчтөрдү өркүндөтүү зарылдыгы күч алды.

2023-жылы статком экологиялык товарларды жана кызматтарды өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле экологиялык тармактардагы иш менен камсыз болуунун тандалма изилдөөсүн жүргүзгөн. Анын жыйынтыктары “жашыл” экономиканы баалоо методологиясын өнүктүрүүгө чыйыр салган.

Ал эми бул жолку миссиянын жүрүшүндө, статкомдун адистери эл аралык эксперт менен биргеликте экологиялык тармактар боюнча социалдык эсептер матрицасын иштеп чыгышты. Бул экологиялык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикалык салымын так баалоого жана тиешелүү маалыматтарды улуттук эсептер системасына киргизүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи.

Билдирүүгө караганда, миссиянын жыйынтыктары расмий статистиканын сапатын жогорулатып, “жашыл” экономиканын өнүгүшүн баалоо жана натыйжалуу мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн ишенимдүү маалыматтык базаны кеңейтүүгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media