Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 6% өстү

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 6% өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен өз ара соода жүгүртүүсү 2 млрд 421,5 млн $ түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6% өстү.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, ушул эле мезгилде өлкөнүн жалпы тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 6 млрд 257 млн $ түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 1% көбөйгөн.

2026-жылдын январь–май айларында жалпы товар жүгүртүүнүн 38,7%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келген. Анын ичинен экспорттун 52,8%, импорттун 36,5%ы Биримдикке мүчө мамлекеттер менен жүргүзүлгөн.

ЕАЭБ ичиндеги эң ири соода өнөктөштөр болуп мурдагыдай эле Россия (67,8%) жана Казакстан (29,8%) келе жатат.

2026-жылдын январь-май айындагы ЕАЭБга мүчө-мамлекеттер менен КРнын соода жүгүртүүсүнүн көрсөткүчтөрү:

Өнөктөш өлкөлөр

Экспорт (АКШ $)

Импорт (АКШ $)

Жалпы

446 646,5

1974615,728

Армения

346,6

517,5

Беларусь

15211,8

42571,6

Казакстан

182907,7

538472,5

Россия

248440,5

1393054,2

Мындан тышкары окуңуз

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media